Быйыл картошка былтыркы көрсөткүчкө салыштырмалуу аз айдалат

908

Бул тууралуу Айыл чарба жана мелиорация министрлигинен билдиришти. Ага ылайык, аталган жашылча бул жылы 81 миң гектарга эгилет. Былтыр бул көрсөткүч 84 миң гектардан ашкан.

Тиешелүү агрардык мекеменин жетекчиси Нурбек Мурашев кошуна Өзбекстанга барып, сүйлөшүү жүргүзүп келген. Быйыл картошканы коңшу өлкөгө экспорттоо активдешет деп билдиришүүдө. Былтыр августта Өзбекстан сырттан келген, анын ичинде Кыргызстандан ташылган картошкага тыюу салган. 3 айдан кийин бул чектөө жоюлган.

Бирок өкмөттүн убадасына ишенип, картошканы көп айдап алган дыйкандар түшүмүн сата албай кыйналып, түшүмдүн баасы өтө төмөн түшүп, нааразычылык күчөгөн. Учурда да Ысык-Көлдүн бир топ аймагында миңдеген тонна картошка өтпөй турат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.