Быйыл «Көчмөндөр оюндары» кандай өзгөчөлүктөр менен өтөт? (видео)

1025

«Биз тазалыкты сактаган көчмөндөрбүз». Үчүнчү Көчмөндөр оюндарына карата активдүү жаштар ушундай аталыштагы демилгени жайылта башташты. Алар бул ири масштабдуу акцияны жаштардын колдоосу менен ишке ашырууга умтулушууда. Уюштуруучулардын маалыматы боюнча, бул жолку Көчмөндөр оюндары буга чейинкилерден кыйла айырмаланат экен. Спорттун 37 түрү боюнча таймаштар өткөрүлүп, байгелүү орундарга жетишкен спортчулардын аты-жөнү «Алтын китепке» жазылып кала турган болууда.