Быйыл Кыргызстандан Меккеге ажылыкка 5400 киши бара алат

867

Сауд Арабиясы бул жылы квотаны миңге чейин көбөйттү. Былтыр биздин өлкөгө 4585 орун берилген болчу. Муфтияттан кабарлашкандай, 2018-жылы ажылыкка барууну каалагандарды каттоо биометрикалык паспорттор аркылуу гана жүргүзүлөт.

Мусулмандар дин башкармалыгы жарандарды Меккеге ташуу үчүн авиакомпаниялар арасында ошондой эле, зыяратчыларга бирдиктүү форма тигүү жана эмдөө жүргүзүү боюнча сынак жарыялады.