Быйыл милиция кызматкерлерине 56 кылмыш иши козголгон (видео)

694

Жыл башынан бери милиция кызматкерлерине карата 56 кылмыш иши козголгон. Анын негизинде 66 кызматкер жопкерчиликке тартылууда. Ошондой эле, ар кандай олуттуу себептер менен ички иштер органдарында иштеген 14 жетекчи кызматынан алынган. Бул тууралуу ички иштер министрлигинин жетекчилиги 9 айдын жыйынтыгы боюнча маалымат берип жатып билдирди.

Министр Кашкар Жунушалиевдин айтымында, милицияга болгон элдин ишеними азайууда. Мындан улам, алар өз милдеттерин жакшы аткарбаган кызматкерлерден арылып жатканын белгилеп өттү. Генерал ошондой эле, өлкөдө болгон резонанстуу кылмыш иштерине токтолду.