Быйыл шайлоо менен бирге референдум да өткөрүлөбү? (видео)

6636

Быйыл 4-октябрда Жогорку Кеңешке шайлоо менен бирге референдум да өткөрүлөбү? Учурда курултайчылар демилге көтөрүп, жалпы элдик добуш берүүгө 3 суроо коюуга белсенип жатышат. Анда мамлекет башчысынын Курултай институтуна отчет берүүсү, башкаруу тутумуна жана шайлоо системасына олуттуу өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталган.

Бул демилге коомчулукта талкууланып, ар кандай пикирлерди жаратууда. Ал арада Жогорку Кеңеш демилгечил топ чогулткан, 10 миңден ашык кол тамганы текшерүү иштерин баштоо алдында турат.