Быйыл төрөлгөн наристелерге сүйүнчү бериле баштайт (видео)

1125

Кыргызстанда жаңы төрөлгөн наристелер үчүн сүйүнчү алууга документ тапшыргандардын саны аз болуп жатат. Айына болжол менен 10 миңден ашык ымыркай жарык дүйнөгө келсе, учурда болгону 327 баланын ата-энеси гана жөлөк пул үчүн кайрылган. 1-январдан бери төрөлгөн наристелерге 10-февралдан тарта сүйүнчү таратыла баштайт, дейт Социалдык өнүктүрүү министрлигинин кызматкерлери. Бирок көз жарган келиндердин баары эле сүйүнчү алуунун жол-жобосун биле беришпейт. Айрымдары документ чогултуу машакаты көп деп, мамлекеттен акча алууга кызыкпай жатканы айтылууда. Мындан улам, бул жаатта маалыматтык кампания башталганы турат. Ошондой эле, балага төрөт үйүнүн эле сүйүнчү акчасын берүүнүн жол-жобосу иштелип жатат.