Быйыл Улуу Жеңиштин 74 жылдыгы белгиленет (видео)

1312

Бирок барган сайын согуш ардагерлеринин катары суюлууда. Расмий маалымат боюнча, азыр Кыргызстанда 356 гана ардагер калды. Майрамга карата НТС телеканалы согуш ардагерлери тууралуу материалдардын циклин баштады.

Бүгүнкү биздин каарман Касымбай Жолдошев. Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери 94 жашка чыкса да, күүлү-күчтүү, оокатка тың. Ал Ош шаарындагы бала бакчалардын бирине барып, Жеңиш күнүнө арналган майрамдык иш чарага катышты.