Быйыл жыл башынан бери эле Сахара чөлүнө экинчи жолу кар жаады

1258

Мындай жаратылыш кубулушу Алжирдин түндүк-батыш тарабындагы Айн-Сефра шаарынан анча алыс эмес жерде катталды. Туристтердин бул табигый аномалияны сүрөткө жана видеого тартып калууга шашылып жатышат. Себеби эртең менен жааган кар кечке чейин ээрип кетет. Ушундай эле көрүнүш бир ай мурда да болгон.

Адистердин айтымында, дүйнөдөгү эң чоң чөлгө 2016-жылдан бери байма-бай кар жааганы катталып жатат. Ага чейин бул аймакка акыркы кар 37 жыл мурда жааган.

Бул көрүнүштү экологдор акыркы жылдары аба-ырайында олуттуу өзгөрүүлөр болуп жатканы менен түшүндүрүүдө. Себеби чөлдүн бул аймагында кышкысын да 12 градуска чейин жылуу болуп турат.