Быйылкы Көчмөндөр оюндарынын байге фонду 26,5 млн сом болот

1114

Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекция III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жалпы байге фондун 26 миллион 615 миң сом өлчөмүндө бекитти.

Оюндардын программасына спорттун ат чабыш, ат үстүндө мелдешүү, улуттук күрөш, салттуу интеллектуалдык оюндар, жаадан ок атуу, аңчылык сыяктуу 37 түрү кирди.

Эң ири байге көк бөрүгө сайылып, мелдештин байге фонду 6 миллион сомду түзөт.

Азыркы учурда 44 өлкөдөн спортчулар оюндарга катыша тургандыгын тастыкташты.

Жалпы 594 медаль (174 алтын, 173 күмүш жана 247 коло) ойнотулат.