Быйылкы кышкы туристтик сезон киреше алып келеби? (видео)

1803

Кыргызстанда кышкы туристтик сезон 14-декабрда расмий түрдө ачылат. Учурда өлкө боюнча 17 тоо лыжасы эс алуучуларды кабыл алууга даяр. Быйыл пандемияга байланыштуу жайкы сезон үзгүлтүккө учурап, туризм тармагында иштегендер бир топ чыгымга учурашкан.

Кышкы сезонду дагы кирешесиз өткөрүп жибербөө үчүн 4-декабрдан тарта чет өлкөлүк жарандардын Кыргызстанга кирүүсүнө карата чектөөлөр алынып салынды. Эми саякатчылар ПЦР-анализинин жыйынтыгы менен өлкө аймагына кире алышат. Быйылкы кышкы туристтик сезонго карата даярдыктар кандай?