Былтыр чет өлкөдө жазасын өтөгөн 168 адам Кыргызстанга жеткирилген

3220

Былтыр чет өлкөдө соттолуп, жазасын өтөп жаткан 168 кыргыз жараны Кыргызстанга жеткирилген. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

2019-жылы Башкы прокуратура башка мамлекеттин тийиштүү органдарына ар кандай жазык иштерине байланыштуу укуктук жардам боюнча 532 сурам жөнөткөн. Кыргызстандын аймагында тек-жайы такталып, кылмышкерлерди өткөрүп берүүдө чет мамлекеттин 23 сурамы канааттандырылган. Алынып келгендер жаза мөөнөтүн Кыргызстанда улантып жатышыптыр.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, кылмыштуулукка каршы күрөш жана укуктук жардам берүү боюнча 20 өлкө менен эки тараптуу кызматташтык жөнүндө келишим түзүлгөн.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.