Былтыр өлкөдө 14 чек ара жаңжалы болду

926

Былтыр мамлекеттик чек арадагы абал туруктуу болду. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын 2017-жылдагы ишинин жыйынтыгына арналган отурум учурунда айтылды.

Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришкендей, өткөн жылы чек арада 14 жаңжал катталган. Алардын ичинен 10у кыргыз-тажик, 4ү кыргыз-өзбек тилкесинде болгон. 2016-жылы бул көрсөткүч 20 деп белгиленген.

2017-жылы мамлекеттик чек араны бузуу айыбы менен 218 киши кармалган.

Чек арачылар 37 курал-жарак, 273 даана ок-дары, 1 снаряд жана 1 сигнал пистолетин табышкан.