Центерра боюнча Кыргызалтын чыккынчылык кылдыбы? (видео)

839

Кыргызстандын «Центеррадагы» акциясынын алты пайызга азайышына жол берүү чыккынчылык. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү адамдардын жоопкерчилиги каралышы керек. Мындай чечим бүгүн парламенттеги «Республика-Ата Журт» фракциясынын отурумунда кабыл алынды. Депутаттар «Центеррадагы» Кыргызстандын үлүшүнүн кемигенинин себептери боюнча өкмөт мүчөлөрүнүн жана «Кыргызалтын» ишканасынын өкүлдөрүнүн маалыматын угушту. Бирок алар эл өкүлдөрүнө жүйөөлүү негиз келтире алышкан жок. Мындан улам, «Республика-Ата Журт» фракциясы «Центерра» компаниясынын «Томсон Григ» тоо кен ишканасын сатып алышына каршы чыгып, бул боюнча өкмөттү эл аралык сотко кайрылууга чакырды. Ал эми Башкы прокуратурага бул ишке кайдыгерлик кылган жооптуу адамдардын аракетине юридикалык баа берүү тапшырылды.