Ч. Айтматов менен М. Каримдин катарлаш келген мааракелери (видео)

929

Залкар адабиятчылардын катарлаш келген мааракелери. Кыргыз улуттук университетинде башкыр жазуучусу Мустай Каримдин 100 жылдыгына жана Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган илимий форум өткөрүлдү. Мустай Карим өзүнүн драматургиялык чыгармалары менен бүткүл Евразия чөлкөмүнө таанылып, анын чыгармалары чет элдик сахналарда коюлуп келет.

Ал эми кыргыздын атагын ааламга тааныткан Айтматов кара сөз менен замандын көйгөйлөрүн таамай талдап кеткен. Белгилей кетсек, эки адабиятчы тең «Социалисттик эмгектин баатырлары» жана «Ленин» сыйлыгынын лауреаттары. Алардын кино тармагынын өнүгүшүнө кошкон салымы дагы зор.