Ч. Айтматовдун 90 жылдыгына күтүүсүз белек (видео)

837

Жаш скульптордун Кыргызстанга белеги. Россиядагы Репин атындагы мамлекеттик көркөм өнөр, айкел жана архитектура академиялык институтунун бүтүрүүчүсү Тамила Маматова дипломдук иш катары Чыңгыз Айтматовдун айкелин жасаган. Бул эмгегин ал улуу жазуучунун 90 жылдык мааракесине арнады. Бирок аны орнотууга каражат жана ылайыктуу жерден орун табуу маселеси турат.

Тамила Маматованын эмгегине Санкт-Петербургдагы мен-мен деген скульпторлор мыкты баа беришкен. Атүгүл, Россияда алып калалы деп сунушташкан. Бирок ал өз эмгегин Кыргызстанга алып келген. Ал жасаган айкелдер Кыргызстанда тааныла элек болгону менен, Россия, Түркия, Иран, Италия жана Болгариянын көчөлөрүндө турат.