Чагымчылдыкка алдырбагыла! Мекен шейиттери эмнеден кооптонушууда? (видео)

887

Өлкөдө коомдук саясий абал курчуйт деп кооптонгондор көбөйүүдө. Апрель окуясында жабыркагандар жана каза болгондордун жакындары үч күндөн бери маалымат жыйын өткөрүп элди чагымчылдыкка алдырбоого чакырып жатышат. Буга чейин экс-президент 2 айдан кийин митинг уюштураарын эскерткен.

Ал эми КСДПнын айланасында болуп жаткан акыркы окуялар нааразычылык акциясын тездетиши мүмкүн деген жоромолдорду пайда кылды. Муну партия мүчөлөрүнүн кескин билдирүүлөрү бекемдеп койду. Андан тышкары, кийинки жумада «Ата Мекен» партиясы 6 миң адамдын катышуусунда митинг өткөргөнү жатат.