Чаткал райондук аймактык ооруканасы карантинге жабылды

3280

Жалал-Абад областындагы Чаткал райондук аймактык ооруканасы карантинге жабылды. Бул тууралуу аталган оорукананын башкы дарыгери билдирген. Анын айтымында, эки кабаттуу төрөт үйү менен хирургия бөлүмү толугу менен жабылып, ал жерде коронавируска чалдыккандар дарыланып жатат.
Мындан сырткары терапия, балдар бөлүмү да COVID-19 менен ооругандарды кабыл алууга даярдалган. Жалпы 19 бейтап изоляцияга алынган. Тургундар арасында оору туралуу ишенич жок болуп, ооруга шектелгендерди дарыгерлер күч кызматкерлеринин жардамы менен гана бейтапканага жеткирип жатат,” – деди башкы дарыгер.

Чаткал районунда ай күнү жеткен келиндер №6, жатып дарылана турган башка бейтаптар №2 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна жеткирилүүдө. Ал эми операцияга муктаж адамдар Ала-Бука районуна жөнөтүлүп жатат.

Жалпысынан 8-майга карата Кыргызстанда коронавирус 906 адамдан табылды, алардын ичинен 12 бейтап кайтыш болду, 650 бейтап айыгып чыкты.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.