Чаткал районунда жергиликтүү эл кайрадан митингге чогулушту

954

Алар камакка алынган 15 адамды бошотууну талап кылышууда. Ал арада ошол кармалган балдардын Ички иштер министрлигинин атайын бөлүгүнүн кызматкерлерин ур-токмокко алып жатканы тартылып калган тасма коомчулукка тарады.

Бул видеодо өткөрмө пунктуна эки автоунаа толтура балдар келип, постто турган «Шумкар» атайын бөлүгүндө иштегендерди сабай баштаганын көрүүгө болот. Олбурлуу балдар жоокерлерди ары бери сүйрөп, катуу тепкилешкен. Буга чейин Ички иштер министрлиги 5-ноябрда «Эти Бакыр Терек-Сай» компаниясы казып жаткан кенди кайтарып турган «Шумкар» атайын бөлүктүн кызматкерлери Терек-Сай айылынын тургундары тарабынан сабалганын кабарлаган.

Бул фактыга байланыштуу «бейбаштык», «бийлик өкүлүнө күч колдонуу» беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөө учурунда компаниянын видеокамералары текшерилип, анда топ адамдын кол салып жаткан маалы тартылып калган тасмалар алынган. Кылмыш ишинин алкагында 2-декабрь күнү шектүүлөр Жалал-Абад областтык Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Аларды бошотуу талабы менен Чаткал районунун Терек-Сай айылында 3 күндөн бери нааразычылык акциясы өтүп жатат. Жергиликтүү жашоочулардын айтымында, айылдын бир тургуну кен жакка кетип калган малын айдоо үчүн көпүрөдөн өтүүгө аракет кылганда, тартип сакчылары кое бербей коюшкан. Алардын ортосунда уруш чыгып, бири бирине кол көтөрүүгө чейин жетишкен. Андан соң ал адам айылга келип, досторун чогултуп окуя болгон жерге барып, эки тарап ортосунда чыр чатак чыгат.

Белгилей кетсек, Терек-Сай айылындагы кенди учурда түркиялык компания иштетет. Ошондой эле ишкана ал жакка алтынды рудадан ажыратуучу фабрика курууну пландоодо.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.