Чаткал районундагы «Эти Бакыр Терек-Сай» ишканасында жумуш токтоду

1119

Чаткал районундагы акыркы ызы чуудан кийин «Эти Бакыр Терек-Сай» ишканасында жумуш токтоду. Бул тууралуу компаниянын директору Махир Тезджан билдирди. Анын айтымында, айрым жергиликтүү тургундардын чагымынан улам, кызматкерлер жумушка чыкпай жатат. Көп жылдан бери кендин аймагынан топ адамдар сурма рудасын казып сатып келишкен.

Лицензия алган компания тегерек-четин тоскондон кийин, мыйзамсыз киреше булагынан ажыраган жашоочулар акыркы окуяларды пайдаланып, ишкананын жумушчуларын ишке барбоого үндөп жатышат дейт, мекеменин жетекчилиги. Компаниянын жабдыктары жана тоо-шахта техникасы бузулуп калбаш үчүн, ишкана өндүрүштү белгисиз мөөнөткө чейин токтоткон. Бул жакта 300дөн ашык жергиликтүү тургун иштейт. Аларга 20 миң сомдон ашык маяна төлөнүп турат.

2016-жылдан бери «Эти Бакыр Терексай» компаниясы бюджетке 750 миллион сом которуптур. Фирманын 75 % акциясы Түркиялык ишкерлерге, калган 25 % «Кыргызалтын» ишканасына таандык.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.