Чаткалда кардан өтө албай калган чабандарга куткаруучулар жөнөтүлдү

914

Бакай-Ата районунун Акназар айыл аймагынын сегиз малчысы 30-сентябрда жааган кардан улам Чаткал районунун Ат-Мойнок ашуусунда үч короо кой жана үч үйүр жылкысы менен өтө албай калышкан.

Аларды көчүрүп келүү үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин үч куткаруучусу жана төрт жергиликтүү тургун ЗИЛ унаасы менен жөнөп кетишкен. Алар кечээ Чаткал районунун Чакмак-Суу айылына барып түнөгөн. Кар калың болгондуктан унаа менен андан ары өтө албай коюшкан.