Чаткалда коронавирус боюнча эпидемиологиялык абал курчуп жатат

3791

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда эпидемиологиялык абал курчуп кеткени байкалууда. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, учурда Чаткал районунда коронавирусту жуктуруп алган 16 учур катталган. “Айта кетсек, бул районго сөөк узатуу тажыясына Бишкек шаарынан коронавирус менен ооруган адам барган. Вирусту жергиликтүү тургундар ошол адамдан жуктуруп алышкан. Катталган 16 учур бир себепке байланыштуу болуп жатат. Бүгүнкү күндө ошол тажыяга катышкан адамдардын бардыгы такталып, көзөмөлгө алуу багытында иштер жүрүүдө”, — деп баса белгиледи Үсөнбаев.

Кыргызстанда коронавирус жуктурган 24 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 895ке жетти. Алардын ичинен 637 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Ал эми коронавирус жуктурган 12 адам каза болду.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.