Чаткалдагы чатактын чоо-жайы (видео)

719

Чаткалдагы Терек-Сай айылынын дагы бир тургуну кармалды. Эки күн мурда 14 адам камакка алынган болчу. Алар “бейбаштык”, “бийлик адамына кол көтөрүү” беренелери боюнча айыпталууда. Эске салсак, ушул жылдын 5-ноябрында аталган айылдын 15 тургуну кен иштеткен «Эти Бакыр Терек-Сай» ишканасынын аймагын кайтарган милиция кызматкерлерин ур-токмокко алган.

Жергиликтүү тургундар бул чатакка милиция кызматкерлеринин одоно мамилеси себеп болгонун айтышууда. Айылдын тургундары чогулуп, кармалгандарды бошотууну, кендин иштешин токтотууну талап кылып жатышат. Нааразы болгондор менен область губернатору баштаган жетекчилер жолугушту. Эксперттер мындай окуялардын чыгышына кен иштетүү тармагы туура жолго коюлбаганы себеп болуп жатканын айтышууда.