Чегирткеден жапа чеккен райондордо химиялык даарылоо иштери уланууда

1011

Нарын областында 10 күн мурда эгин талааларын чегиртке каптаганынан улам киргизилген өзгөчө кырдаал режими сакталууда. Зыянкечтерден жапа чеккен райондордо бүгүн кайрадан химиялык даарылоо иштери жүргүзүлдү. Нарын областы боюнча 40 миңден ашуун гектар айдоо аянттарын жана жайыттарды чегиртке каптаганы аныкталды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдагандай, химиялык дары себүү үчүн Нарын областына дагы 2 атайын жабдуу жеткирилди. Жалпысынан, чегирткеге каршы 8 даана техника тартылды. Буга чейин май айында зыянкечтер Ак-Талаа, Ат-Башы, Жумгал жана Нарын райондорун басып, бул аймактарда өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Дыйкандарды эгинди каптаган кара чегирткенин көбөйүп жатышы тынчсыздандырууда. Алар эрте чара көрүлбөсө — күздөгү эгинден жана тоюттан куру калабыз деп кооптонуп жатышат.