Чехиялык «Лигласс» компаниясы кыргыз өкмөтүн сотко берүүгө белсенүүдө

1258

Инвесторлор кепилдик төлөм катары которулган 1 миллион 147 мин долларды кайтарып алууну көздөп жатат. Ишкерлердин түшүндүрмөсүндө, Кыргызстан бул каражатты 11-августка чейин эле артка бериши керек болчу, деп айтылат. Ошондой эле, «Лигласс» компаниясынын ээси долбоорду ишке ашырууда өмкөт «РусГидронун» сотко бере турганын эскерткен эмес, деп билдирүүдө.

Инвесторлор Кыргызстан тарап келишимде көрсөтүлгөн негизде иш алып барбай, тышкы таасирлердин зыянын чектөөгө эч кандай аракет көргөн жок, абалдан чыгуу үчүн суйлөшүүлөргө катышкан жок, деп күнөөлөгөнгө өтүштү. Ушул себептерден улам, «Лигласс» 37 миллион долларды төлөбөй коюптур.

Эми өкмөт келишимден бир тараптуу чыкса, чехиялык ишкерлер эл аралык арбитражга кайрылышат экен. Ал эми Кыргызстандын аткаруу бийлиги Лигласс менен келишим түзүүдө өлкө эч кандай зыян тарткан жок, тескерисинче 1 миллион доллар кепилдик акчасы калат, деп айтып келген эле.