Чек ара боюнча эки тарап качан бир пикирге келет? (видео)

716

Кыргыз-казак чек арасында маселе жакынкы арада чечилбесе, Кыргызстан ЕАЭБдин мүчөсү катары өз укуктарын пайдаланат. 2 аптадан бери биринчи жолу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев чек арадагы абал боюнча үн катты. Анда ал «Ак-Тилек — Автожол» көзөмөл өткөрмө бекетиндеги кырдаал боюнча Казакстандын өкмөт башчысы Аскар Мамин менен 3 жолу сүйлөшкөнүн жана эки тараптын расмийлери бул маселени талкуулап, туура чечимге келишкенин айткан.

Ал арада Казакстандын мамлекеттик кирешелер комитетинин жетекчисинин орун басары Куат Рахимов басма сөз жыйынын куруп, өлкө Евразия Экономикалык Биримдигинин мыйзамдарын сактап жатканын жана товар ташууда эрежелерди сактоону талап кыларын билдирди. Айтымында, кыйыр салуу маселелесине кошумча, ташылып бараткан товарлардын саны, баасы, көлөмү азайтылып көрсөтүлүүдө.