Чек ара боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө курал берилеби? (видео)

2848

Чек ара аймактарында жашаган айрым тургундарга курал-жарак берүү тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Демилге Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан көтөрүлүп, анда «чек ара ыйгарым укуктуулары” жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда.

Аталган документ 5 жыл мурда эле ишке кирип, учурда 140тай чек ара боюнча ыйгарым укуктуу өкүл иштеп жатат. Алар чектеш аймактардагы өзгөрүүлөр боюнча чек арачыларга маалымат берип турууга милдеттүү. Бирок алардын ыйгарым укугуна курал колдонуу кирбейт. Ал арада жөнөкөй жарандарга курал берүү сунушуна айрым аскер адамдары каршы чыгышууда.