Чек ара чыры: тажиктерден ок жеген жоокер госпиталга которулат (видео)

6866

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал боюнча Аскердик прокуратура иликтөө иштерин баштады. Эки тарап 3 жолку сүйлөшүүдөн кийин кошумча күчтөрүн артка кайтарып, аскер техникаларын чек арадан алып кетүү, Канибадам-Исфара-Арка трассасында биргеликте милиция кызматкерлери менен күзөт жүргүзүү боюнча макулдашышты.

Кечээ тажик чек арачылары биздин аскерлердин эскертүүсүнө карабай, Кыргызстандын аймагына кирип келип, бул эки жактын атышуусуна алып келген. Тажик тарап Достук айылын көздөй минометтон ок чыгарган. Коңшу өлкөнүн чагымчыл аракетинин айынан бир аскер жана жай тургун жарат алган. Ок жеген жоокер жакын арада Баткенден Бишкекке которулуп, аскердик госпиталга жаткырылат.