Чек ара көйгөйүн чечүү боюнча өкмөт мүчөлөрүнүн так планы жок (видео)

776

Ишкерлер чегара көйгөйү келтирген чыгымдардын ордун толтуруу талабын коюп жатышат. Бул тууралуу бүгүн кыргыз-казак чек арасындагы маселени чечүүнүн жолдору талкуулаган тегерек столдо айтылды. Жүк ташуучулар ассоциациясы 22 ишкананын колу коюлган кайрылууну өкмөткө 17-октябрда эле жолдогон. Бирок бюрократиянын айынан, ал кат 21-октябрда араң кабыл алынган. Анда келтирилген зыяндын болжолдуу суммасы көрсөтүлгөн. Экономика министринин орун басары Алмаз Сазбаков ишкерлерге кандайдыр-бир жардам болоорун, бирок азырынча кандай багытта болоору чечиле электигин билдирди. Ошондой эле, бул кырдаал боюнча кыргыз өкмөтү анализ жасап, жакын арада билдирүү таратаарын айтып өттү. Бирок жүк ташуучулар мындай жоопко канааттанган жок. Алар аткаминерлердин чечкиндүү кадамдарга баруусун талап кылып жатышат.