Чек ара көйгөйүнөн айдоочулар 35 млн сом чыгымга учураган (видео)

1053

Кыргыз-казак чек арасындагы көйгөйдөн улам, кезек күтүп турган айдоочулардын жалпы чыгашасы 15 күндүн ичинде 35 миллион сомго жеткен. Бул тууралуу Жүк ташуучулар ассоциациясы билдирди. Аталган уюм жакында Казакстанда өткөн форумга катышып, ал жактагы кесиптештерине маселени оң жагына чечип берүү өтүнүчү менен кайрылган. Бирок жакшы жооп угушкан эмес. Ал эми өкмөттүн ЕврАзЭСтин экономикалык кеңешинин мүчөлөрүнө жолдогон кайрылуусуна жооп келе элек. Андыктан маселе жакында чечилээрине ишкерлер ишенбейт. Ал ортодо айдоочулардын чыгашасы күн санап өсүп жатат.