Чек ара кызматтарынын башчылары Лейлектеги жаңжалды талкуулашат

1196

Бүгүн Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара кызматтарынын башчылары жолугушуп, Баткендин Лейлек районундагы жаңжалды талкуулашат. Бул жолугушуу кайсы жерде өтөөрүн, Мамлекеттик чек ара кызматы азырынча айта элек.

2 күн мурда кечке жуук Баткендин Лейлек районунун Максат айылындагы кыргыз-тажик чек арасынын такталбаган тилкесинде эки өлкөнүн аскерлеринин ортосунда чыр чыккан.

Мамлекеттик чек ара кызматы бул чатакка тажик чек арачылары күнөөлүү дешсе, кошуна өлкө буга макул эмес. Учурда Кыргызстандын чек арачылары жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен биргеликте жергиликтүү тургундар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.

Бул маселе Жогорку Кеңеште дагы каралып, бир катар депутаттар чек арадагы көйгөй боюнча өкмөттүк күн өткөрүүнү сунушташты.