Чек ара кызматы 2 жол тандабас белек кылынган маалыматты четке какты

1105

Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы Эркин Мамбеталиев бир мамлекеттик мекемеге 2 унаа белек кылганы айтылууда. Бирок муну бир дагы кызмат тастыктай элек.

Буга чейин айрым жалпыга маалымдоо каражаттары Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы Эркин Мамбеталиев Баткен областынын Кадамжай районуна барып, чек арачыларга «Шевроле Сабурман» үлгүсүндөгү 2 унаа белек кылды деп жазып чыгышкан. Бирок Чек ара кызматы муну четке кагып, жол тандабастар Баткендеги Ички иштер министрлигинин ички түзүмүнө берилгенин билдирип жатат.

Бул окуя коомчулукта чуу жараткандан кийин, Баткен областтык ички иштер башкармалыгы бул фактыны тана баштады. Алар 7-октябрда кечки саат 18:00до Эркин Мамбеталиевге тиешелүү делген «Шевроле Сабурман» үлгүсүндөгү 2 унаа Кадамжай райондук милиция кызматкерлери тарабынан текшерүү үчүн токтотулуп, азыркыга чейин унаалар кармалып турганын айтууда. Ошол эле убакта сүрөттөрдө Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы милиция кызматкерлеринин жанында бата берип, 2 унаанын жанында турган.

Эске салсак, Эркин Мамбеталиев убагында Ички иштер министрлигинин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Чыныбек Алиев менен кошо 8 адамды өлтүрүүгө катыштыгы бар деп айыпталып, өмүр бою эркинен ажыратылган. Бирок 2 жылдан кийин апрель окуясынан соң, сотто акталып, абактан бошотулган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.