Чек ара кызматы: Казакстанга өтүү үч бекетте кыйын болууда

996

Учурда кыргызстандыктар кыргыз-казак чек арасынан өтүүдө үч бекетте кыйынчылыктарга дуушар болуп жатышат. Бул тууралуу бүгүн “Азаттык” радиосуна Кыргызстандын Чек ара кызматынан кабарлашты.

Бул Таластагы “Чоң-Капка” жана Чүйдөгү «Ак-Жол» менен «Ак-Тилек» көзөмөл-өткөрмө бекеттери. Мекеменин маалыматына караганда, кечээтен бери кырдаал өзгөрө элек. Жарандар да, автоунаа да топтолуп турат. Казак тараптан азырынча расмий комментарий бериле элек.

Кыргызстан Казакстан менен чек арасын күзөтүүдө күчөтүлгөн тартипке өткөнүн бүгүн Мамлекеттик Чек ара кызматы кабарлады.

Ага чейин казак чек арачылары транспорттун жана адамдардын өтүүсүн күчөтүлгөн тартипте текшере баштап, мунун айынан өткөрмө бекеттерде адамдар жана автомашиналар топтолуп калган. Мындай көрүнүш азыр да уланууда.

Кыргызстандын Чек ара кызматы күчөтүлгөн тартип “президенттик шайлоо мөөнөтүнө” киргизилгенин, кыргыз тараптан эч кандай чектөө жок экенин белгилеп жатат.