Чек ара кызматы: КРнын чек ара тилкелеринде абал туруктуу (видео)

9396

Кыргызстандын чек ара тилкелеринде абал туруктуу, кооптонууга негиз жок. Мамлекеттик чек ара кызматы кошуна өлкөлөрдүн чек ара бекетиндеги атышууга байланыштуу коопсуздук чаралар көрүлүп жатканын билдирди. Тажикстан менен Өзбекстан чектешкен Ишкобод постуна 20 куралчан кол салган.

Ортодогу кагылышуудан 1 милиция кызматкери жана 1 чек арачы курман болуп, 15 согушкер жок кылынган. Бешөө кармалган. Кошуналарга кол салгандар кимдер жана алардын Кыргызстанга кирип келүү коркунучу барбы?