Чек ара кызматы: кыргыз-тажик чек арасында абал тынч

1418

Кыргыз-тажик чек арасындагы абал тынч жана эки өлкө ортосундагы 5 көзөмөл пункту кадимки тартипте иштеп жатат. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Эске салсак кечээ түшкө маал “Кулунду” жана «Кайрагач” өткөрмө бекеттери аркылуу адамдардын, транспорттук каражаттардын жана жүктүн өтүшүн Тажикстан бир тараптуу токтоткон.

Ошондой эле, Лейлек районундагы Сай айылына жакын жердеги көпүрөнүн бир тарабын тажик чек арачылары жаап, ал жерге күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери тартылып жатканы кабарланган. Буга Сада каналына мектеп окуучуларынын ыңгайы үчүн курулган көпүрө себеп болгону белгиленди.

Жергиликтүү тургундар тажик чек арачылары кыргызстандык окуучулардын өтүүсүнө тоскоолдук жаратып жатышканын кабарлашкан. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин гана, тажик чек арачылары көпүрөнүн бир тарабын ачып, кошумча тартылган аскер кызматкерлерин артка кайтарышкан.

Белгилей кетсек, Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы 971 чакырымды түзсө, анын 450 чакырымдан ашууну тактала элек.