Чек ара кызматы: Кыргыз-тажик чек арасындагы абал чыңалуу бойдон калууда

1712

Кыргызстан менен Тажикстандын чектешкен аймагында абал чыңалуу бойдон калууда. Бул тууралуу чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев билдирди. Анын айтымында, Ак-Сай — Тамдык жана Ак-Сай Төрт-Көчө жолдору дагы деле жабык турат. Ак-Сай жакты Кыргызстандын жарандары, ал эми Төрт-Көчө тарапты тажикстандыктар бууп салышкан. Учурда жеринде эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Ал эми, жаңжал чыккан маалда октон жабыркаган Баткен областынын тургунунун абалы оор бойдон калууда. Ага түндө операция жасалган, азыр реанимацияда.

Окуя болгон жерге өкмөттөн вице-премьер-министр Жеңиш Разаков барды. Анын жергиликтүү агенттиктерге берген маалыматына караганда, абал азырынча оор. Вице-премьер-министр Тажикстандык кесиптештери жана эки өлкөнүн тең жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрөөрүн кабарлады.

Ошондой эле, Жеңиш Разаков кыргызстандык жаранды ким атканы азырынча белгисиз экенин билдирген. Учурда бул жана башка маалыматтар такталууда.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.