Чек ара кызматы: Кыргыз-тажик чек арасындагы абал салыштырмалуу туруктуу

1518

Чек ара чатагынан кийин тажик тарап Лейлек районуна кете турган Исфана-Баткен жолун жапты. Бул маалыматты Кыргызстандын чек ара кызматынан билдиришти. Эки тараптуу тирешүү чыккан аймакка вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев, Чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев барышты. Алар окуяда жаракат алгандардан кабар алып, жергиликтүүлөр менен жолугушушту.

Эске салсак, кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, эки тарап бири-бирине таш ыргытып, ок атылган. Расмий маалымат боюнча, Ворух айылынын кире беришинде Тажикстандын желегин орнотуу аракети эки тараптын чырдашына себеп болгон. Ворух айылына чектеш Кыргызстандын Ак-Сай айылынын тургундары желек орнотууга каршы болгон. Тирешүүнүн кесепетинен 15 кыргызстандык жабыркап, ооруканага түшкөн. Алардын 12 ок тийсе, 3 кишиге таш тийген.

Маалыматтарга караганда, Тажикстандын бир жараны каза таап, бир нечеси жабыркаган. Ал арада Баткен областык Ички иштер башкармалыгы кыргыз-тажик чек арасындагы 22-июлдагы чыр боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул факт кылмыштар жана жоруктардын Бирдиктүү ресстрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.

Кыргызстандын чек ара кызматы абал салыштырмалуу туруктуу экенин белгилеп жатат. Эки тарап чырдын себептерин иликтеп, жаңжал уланып кетпеши үчүн алдын алуу иштерин жүргүзүп жатат. Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара кызамткерлери жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү абалды жөнгө салуу үчүн биргеликте иш жүргүзүүдө.

Кыргыз өкмөтүнүн Баткен облусундагы өкүлү Акрам Мадумаров жана Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджоббой Ахмодзода жолугуп, чек арада чыккан чыр-чатакты жөнгө салуу, пикир келишпестиктин себебин аныктоо жана элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, коңшу айыл элин ынтымакка чакыруу боюнча макулдашкан.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.