Чек ара кызматы: товар ташыгандарга чектөө жок (видео)

1517

Өлкөгө азык-түлүк ташууда чектөөлөр жок. Учурда Чүй областындагы “Ак-Тилек” өткөрмө бекетинен күн сайын 100дөн ашуун жүк ташуучу унаа кирип чыгып жатат.

Чек арадан бери өткөн товар ташган унаалар дезинфекцияланып, айдоочуларга да медициналык текшерүү жүргүзүлүүдө. Казакстан тараптан дагы мындай процедура жасалып жаткандыктан, бул кошумча убакытты алып, кезек күткөндөрдүн саны өсүүдө.