Чек ара кызматынын 9 ай аралыгындагы иши (видео)

555

Жыл башынан бери өлкөнүн чек араларында 10 чыр-чатак катталды. Бул тууралуу мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев мекеменин 9 айдагы ишмердүүлүгү боюнча маалымат берип жатып билдирди. Шаршеевдин айтымында, жети жаңжал — кыргыз-тажик, үчөө — Өзбекстан менен чектешкен аймактарда болгон.

Мындан тышкары, акыркы 9 айдын ичинде чек арачылар 300дөй адамды кармашкан. Мыйзам бузгандардын арасында чек арачылар дагы бар. Өткөн айда УКМК тарабынан согуш жүрүп жаткан аймактарга адамдарды жиберүүгө жардамдашкан чек ара кызматкерлери кармалган эле. Алар соттук жазадан качып жүргөн адамдардан акча алып, аларга чек араны мыйзамдуу кесип өткөндүгү тууралуу жалган документтерди жасап берип турушкан.