Чек ара кызматынын аскер бөлүгүнөн бир адам окко учуп каза болду

996

Окуя Жалал-Абад областынын Ала-Бука районундагы №2030 аскер бөлүгүндө катталган. Маалыматтарга караганда, келишимдик негизде иштеп жаткан аскер кызматкери куралды туура эмес колдонуунун курмандыгы болгон.

Армияга бир жыл мурда чакырылган катардагы жоокер кокусунан ефрейторду атып алган. Алган жараатынан ал ооруканага жетпей үзүлгөн.

Аскер прокуратурасы окуянын чоо-жайын иликтеп жатат.