Чек ара маселеси президенттердин деңгээлинде чечилиши керек (видео)

778

Кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалдан ишкерлер менен дыйкан-фермерлердин тарткан чыгымдарынын кесепети жыл аягында же жазында сезилет. Бул тууралуу Бишкекте өткөн жыйында бир катар эксперттер айтышты. Алардын пикиринде, өкмөттүк деңгээлде сүйлөшүүлөр өз жемишин берген жок. Андыктан президенттер кийлигишиши керек. Ал эми Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү көп жылдардан бери түндүк менен батышка багытталгандыктан, башка базар издөө узак убакытты жана ири каражатты талап кылат, дейт адистер.