Чек ара маселесин чечүүнүн жолу барбы? (видео)

608

Чек аранын түбүндө жашагандарды түпөйүл кылган маселени чечүү өтө эле узакка созулуп кетти. Эки тараптуу сүйлөшүүлөр курч дагы, жылуу дагы маанайда өткөнү кабарланганы менен чек араны такташууга келгенде эле туңгуюкка кептелгендей таасир калтырууда. Ортодогу сүйлөшүүлөр кайсы этапка келип калганы, кандай варианттар сунушталып жатканы белгисиз, баарын купуялуулукка таяп эле ачыктабай жатышат.

Дайыма чыр чыгып ок атылганда Бишкекте жылуу кабинетте отурган аткаминерлер Баткенге чуркап бара калышат да, өрт өчүрүүчүлөрдөй эле кырдаалды утурумдук жөнгө салып, жергиликтүү элге убадаларды берип, эки тараптуу сүйлөшүүлөдү жүргүзүп кайра артка тартышат. Андан кийин, бул жакта парламентте отурган 120 депутатка өкмөт мүчөлөрү келип жабык эшик артында отчет беришет. Эл өкүлдөрү болсо, өкмөттү чечпейсиңерби эртерээк деп урушуп, акыл үйрөтө башташат. Чыр чыккан сайын ушул эле көрүнүш кайталанат.