Чек ара маселесине Жогорку Кеңеш дагы кийлигишүүсү керек (видео)

976

Чек ара маселесин чечүүгө Жогорку Кеңеш дагы кийлигишүүсү керек. Мындай пикирин бүгүнкү жалпы жыйында вице-спикер Алтынай Өмүрбекова билдирди. Анын айтымында, эки өлкөнүн парламенттеринин кызматташуусу боюнча достук тобу бар. Ошонун алкагында, маселени көтөрүү керек. Башка депутаттар дагы өкмөт лабораторияларды Евразиялык экономикалык биримдиктин талаптарына шайкеш келтирүү боюнча иш алып барбай жатат, деп сынга алды. Мындан тышкары, бүгүнкү отурумда мумия чыры боюнча маданият министрин кызматтан кетирүү аракети болуп жатканы айтылды.