Чек ара өткөрмө бекетинде мафия пайда болду (видео)

1051

Кыргыз-казак чек арасында дагы деле фуралар узун кезекте турушат. Бүгүнкү күнү Чүй областындагы «Ак-Тилек» өткөрмө бекетинде турган оор жүк ташуучу унаалардын саны 80ге жетет. Арасында 5 суткадан бери тургандары да бар.

Бул абалдан пайдаланып, акча жасай коюну көздөгөн мафиялык топтор пайда болуптур. Айдоочулардын айтымында, эки тарапта тең бир фураны өткөрүп жиберүү үчүн 500дөн 1000 долларга чейин кызматын сунуштагандар бар.