Чек ара: жол карта каначан ишке кирээри белгисиз (видео)

839

Кыргызстан Казакстанга карата Дүйнөлүк соода уюмуна жазган арызын кайтарып алат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов билдирди. Анын айтымында, эки өлкө ортосундагы чек арада жаралган кырдаал боюнча “Жол картасына” кол коюлган соң, эл аралык уюмдун килигишүүсүнүн зарылчылыгы жок. Ошол эле убакта, Евразиялык экономикалык биримдиктин тышкы чек арасынан кирген товарларды үч тараптуу текшерүү аракети качан ишке ашары белгисиз экени айтылды. Өкмөт мүчөлөрүнүн айтымында, тиешелүү документте Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы өткөрмө бекеттерин эки өлкөнүн өкүлдөрүнөн тышкары, ЕАЭБдин башка мүчөлөрүнүн өкүлдөрү дагы көзөмөлгө алары көрсөтүлгөн. Эки өлкө ортосунда кол коюлган «Жол картасында» дагы эмнелер камтылган жана кандай шарттар коюлган?