Чек арачылардын кесиптик майрамы белгиленди (видео)

1513

Үстүбүздөгү жылдын 4 айында Кыргызстандын чек арасынан 6 миллион адам жана 500 миң транспорт каражаты өттү. Мындан тышкары, бул мезгил аралыгында чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган 62 адам кармалып, тиешелүү тарапка өткөрүлгөн. Бүгүн Кыргызстандын чек арача кызматынын түзүлгөнүнө 19 жыл толду. Бул майрамга карата өлкөнүн баардык чек ара бөлүктөрүндө салтанаттуу иш-чаралар болуп өттү. Ошондой эле, мыкты аскердик кызматы үчүн бир катар офицерлерге, жоокерлерге жана чек ара аскеринин ардагерлерине мамлекеттик жана мекемелик сыйлыктар ыйгарылды.