Чек арада чыр жараткан тилкелер (видео)

911

Быйыл Кыргызстан-Тажикстан чек ара тилкелеринде 13 чыр-чатак катталды. Бул былтыркыга салыштырмалуу дээрлик 2 эсеге көп дегенди билдирет. Курал колдонуу менен болгон жаңжалдын саны акыркы 9 айдын ичинде 4 жеткен. Өткөн жылы ал 2 эсеге аз катталган.

Эки өлкө элинин ортосундагы түшүнбөстүктөр, чек ара тилкелери толугу менен делимитация, демаркацияланып бүтө электигинен улам келип чыгууда. Бүгүнкү күнү Кыргызстан менен Тажикистандын чек арасынын жалпы узундугу 970 чакырымды түзсө, анын 451 боюнча эки тараптын сүйлөшүүлөрү аягына чыкпай келет.