Чек арада фуралар жыкжыйма болду (видео)

4195

Кыргыз-казак чек арасындагы Ак-Тилек көзөмөл өткөрмө пунктунда оор жүк ташуучу унаалардын кезеги көбөйдү. Учурда ал жерде 200дөй фура турат. Айдоочулар алардан талап кылынган бардык нормаларды аткарып жатканын айтышууда.

Алардын билдирүүсүнө караганда казак тарап буга чейинки эле талаптарды айтып жатыптыр. Алардын бири унаанын ичиндеги «техникалык өтмөк» экен.