Чек арада каза тапкан Равшан Муминовдун артында үч баласы калды

1502

Кыргызстандын чек ара кызматы Лейлек районундагы Максат айылына жакын жерде, кыргыз-тажик чек арасындагы атышта курман болгон “Бөрү” атайын тобунун кызматкери, прапорщик Равшан Муминовдун жакындарына көңүл айтты.

Билдирүүдө ал Максат айылындагы жаңжалда кызматтык милдетин аткарып жатып, тажик тараптын гранатометтон аткылоосунан көз жумганын белгилеген.

Равшан Муминов 1978-жылы Ташкентте төрөлгөн. Анын артында жубайы, 3 баласы жана карыган энеси калды.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.