Чек арада тамак тараткан Өкмөт эмес – кимдер? (видео)

779

Астана шаарында кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөр уланууда. Өткөн шаршемби күнү Кыргызстан менен Казакстан премьер-министрлеринин ортосунда чек арадан өтүү боюнча протоколго кол коюлуп, бирок тараптар оор жук ташуучу унаалар боюнча бир пикирге келе алышкан эмес. Мындан улам, делегациянын жарымы бул маселени чечүү үчүн Астана шаарында калган болчу. Ошентип, азырынча эки өлкө ортосундагы көзөмөл өткөрмө пункттарында кырдаал жеңилдей элек. Учурда Чүйдөгү «Ак-Тилек» өткөрмө бекетинде эле топтолгон унаалардын саны 500дөн ашты. Ошондой эле, жөө адамдардын өтүүсү дагы мурдагыдай эле кыйын бойдон калууда.