Чек арада тонналап чириген жашылча-жемиштер (видео)

1085

Чек арадагы «Ак-Тилек» көзөмөл өткөрмө бекетинде абал оор бойдон калууда. Кечээ түшкө чейин ал жакта 500гө чукул оор жүк ташуучу унаалар Казакстанга өтө албай турду. Ири габариттүү машиналардын кезеги 12 километрге чейин жетет. Ал эми «Ак Жол» өткөрмө пунктунда кырдаал бир аз жакшырган. Жарандар менен жеңил унаалардын өтүүсү тездей түшкөнү байкалууда. Ошол эле убакта, Казакстандын аймагында Кыргызстандын 700гө чукул жараны ар кандай эреже бузуулар үчүн айып пулга кириптер болгону кабарланды. Айрымдарынын өлкө аймагында жүрүү мөөнөтүн кыскартышса, кээлерине таптакыр Казакстанга кирүүгө тыюу салышкан. Учурда баарынан товар ташыган ишкерлердин абалы оор болуп турат. Жер-жемиштери чирип, жарабай баштады. Айрымдары жергиликтүү базарга арзан болсо дагы сатып калганга шашылууда.